super.kg logo

Абайла айдоочу! Бүгүндөн баштап мектеп окуучулары жапырт мектепке бара башташты

 

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн мектептерде иш алып барууда. Бүгүн, 18-январда жалпы билим берүүчү орто мектептердин 1- 5- 9- жана 11-класстардын окуучулары күнүмдүк тартипте окуп баштагандыктан, алардын коопсуздугун камсыздоо максатында милициянын кайгуул кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагындагы бекитилген мектептерге барып, иш алып барууда.

Кызматкерлер мектептин айланасындагы аймактын коомдук коопсуздугун карап, коомдук тартипти орнотуу менен, мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн, алар эртең менен мектепке келген убакытта жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап турууда.

Ошондой эле алгачкы класстын окуучуларынын коопсуздугу үчүн, жөө өтмөктөн жана жол чырактан өткөрүү, ата-энелер алгачкы класстын окуучуларын мектепке алып бара жаткан учурда жол тыгынын болтурбоо максатында, мектепке жакын жолдордун кесилиштеринде жол тыгынын кол менен жөнгө салууда.

Мындан улам милициянын кайгуул кызматы алгачкы класстардын окуучуларынын ата-энелерине кайрылат.
Буга чейин онлайн режиминде окуп, көп убакыт тыныгуу болгондуктан, балдардын мектепке барып келүү маршруттук жолу калыптангыча жаш балдарды чоңдордун коштоосу менен мектепке алып барып, алып келүүнү сунуштайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.01.2021. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Снова, в школу, пора закрывать коронавирусу деген теманы навсегда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: