super.kg logo

Доллардын курсунун түшүшү менен жаратылыш газына болгон тариф дагы төмөндөдү

 

2021-жылдын январь айына карата республиканын калкы үчүн жаратылыш газына болгон тарифтер 17,8 сомду түздү, улуттук валютанын долларга болгон расмий курсу январда 83,5 сомду түздү.

Газ колдонуучулары үчүн акыркы тарифтин өзгөрүүсүнө биринчи кезекте АКШ долларынын улуттук валютага болгон расмий курсунун өзгөрүүсү чоң таасирин тийгизет. Бул тарифтин 70%дан жогору бөлүгү тышкы газ жеткирүүчүлөрдөн жаратылыш газын сатып алуу баасы менен байланыштуу, ал баа газдын 1000 куб.метрине 150 АКШ долларын түзөт.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан бекитилген газдын өздүк наркын эсептөө боюнча методикага ылайык, «Газпром Кыргызстан» компаниясы ай сайын газды сатып алуу баасын ар бир айдын биринчи числосуна карата расмий сом, доллар курсунуна жараша кайрадан эсептеп чыгууга милдеттүү.

Ошого ылайыктуу,

- 2020-жылдын март айында 1 АКШ долларынын сомго болгон курсу 69,9 сом учурунда 1 метр куб газга болгон тариф 15,6 сомдун 10,5 сому тышкы газ жеткирүүчүлөрдөн газды сатып алуу баасын түзөт

- 2020-жылдын декабрь айында 1 АКШ долларынын сомго болгон курсу 84,4 сом учурунда 1 метр куб газга болгон тариф 18 сомдон 12,7 сому тышкы газ жеткирүүчүлөрдөн газды сатып алуу баасын түзөт.

- 2021-жылдын январь айында 1 АКШ долларынын сомго болгон курсу 83,5 сом учурунда 1 метр куб газга болгон тариф 17,8 сомдун 12,5 сому тышкы газ жеткирүүчүлөрдөн газды сатып алуу баасын түздү.


Эске сала кетсек, тарифте көрсөтүлгөн эксплуатациялык чыгымдар эл аралык валютага байланган эмес жана ал дайым Кыргыз республикасынын сому менен көрсөтүлүп келет.

Калк үчүн жаратылыш газынын тарифи төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлөт:

  1. Тышкы жеткирип берүүчүлөрдөн сатылып алынган жаратылыш газынын баасы

- Кыргыз Республикасы үчүн жаратылыш газынын Казакстандын чек арасындагы сатылып алынуучу баасы 1000 куб метри үчүн 150 долларды түзөт. Ал өзүнө жаратылыш газын жеткирүү жана үчүнчү өлкөлөрдүн аймагы аркылуу транзиттөө боюнча чыгымдарды камтыйт.

Жаратылыш газын сатып алуу баасы тарифтин курамынын көпчүлүк бөлүгүн (70%дан жогору бөлүгү) түзөт жана валюта курсунун өзгөрүүсүнөн аябай көз каранды.

  1. Эксплуатациялык чыгымдар

- Эксплуатациялык чыгымдар – бул Кыргыз Республикасынын акыркы колдонуучуларына газды транспорттоо, бөлүштүрүү жана сатуу менен байланышкан чыгымдар, тагыраагы: жалпы узундугу 3,6 миң чакырымды түзгөн газ бөлүштүрүүчү тармактарды коопсуз кармоо жана тейлөө боюнча чыгымдары, газ инфраструктурасын капиталдык жана күндөлүк турмуштагы оңдоодон өткөрүү чыгымдары.

- тариф курамындагы эскплуатациялык чыгымдар 3,6 сомду түзөт.

  1. Нормативдик жоготуулар

- тарифте 1,3 сомду түзөт.

Эсептөөлөр Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин Буйругуна жараша эсептелген.

  1. Эмгек акысын төлөө фонду (ЭАТФ)

- тарифте 40 тыйынды түзөт.

Азыркы газга болгон тариф чыгашалуу болуп саналат, тариф дефицити 2 сом 20 тыйынды түзөт. 2014-жылдан бери тарифтин дефицити «Газпром» ПАК тарабынан субсидияланат.

1 метр куб жаратылыш газынын тарифинин курамы


* 01.01.2021
-ж. USD эсептешү ү курсу= 83,5 сом

1,3* - Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин буйругу менен бекитилген нормативдик чыгымдары

КМШдагы импорттоочу өлкөлөрдүн арасынан Кыргызстанда жаратылыш газынын бир жылдык колдонуу көлөмү аз – 270 млн. метр куб экендигине карабастан, Кыргыз Республикасындагы калк үчүн жаратылыш газынын тарифи эң төмөнкү болуп саналат.


КМШдагы башка импорттоочу өлкөлөрдүн тарифтери менен салыштырмалуу Кыргыз Республикасынын калкы үчүн газга болгон төмөнкү тарифи кийинки көрсөткүчтөрдүн эсебинен келип чыкты:

- тышкы жеткирип берүүчүлөрдөн сатылып алынган жаратылыш газынын арзан баасы;

- экплуатациялык чыгымдарды жабуу үчүн эң төмөнкү сатууга кошулган баа;

- газдын тарифинин чыгашалуулугу, ал азыркы учурда баардык чыгымдарды өзүнө камтыбайт.

Колдонуу көлөмү, жеткирүү баасы жана КМШ өлкөлөрүнүн жана алыскы чет өлкөлөрдүн акыркы колдонуучулары үчүн жаратылыш газына болгон тарифтери:


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.01.2021. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Газпромдон рубльга эле эсептесе болбойбу
18.01.2021. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озбектер тажиктерге канчадан сатып атканыдан кабарынар барбы? Бизге ошол эле газды канчадан сатып атат ак кулактар?
21.01.2021. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mr.altynbek,тажиктерге Канчадан сатат?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: