Нарында мыйзамсыз алтындын курамы бар делген ак түстөгү таштарды алып келе жаткан жарандар кармалды



Нарын районунда мыйзамсыз алтындын курамы бар делген ак түстөгү таштарды алып келе жаткан жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-январь күнү Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери "Мал уурулук" аталышындагы ыкчам иликтөө иш-чараларын өткөрүп жатышкан. Саат 05:50 чамасында Нарын районунун аймагынан УАЗ үлгүсүндөгү унаасын текшерген учурда Солтон-Сары жайлоосунун Көл-Төр участкасынан алтындын курамы бар делген өңү ак түстөгү 3 даана капка салынган таштарды алып келе жаткан жеринен кармалган.
Анда УАЗ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Нарын районунун Эмгекчил айылынын тургуну 1998-жылы туулган К.Б. жана ушул эле айылдын тургундары 1999-жылы туулган Т.А. 2000-жылы туулган А.А. жана 2000-жылы туулган М.Н. жана 1999-жылы туулган Ж.Т. атуу жарандар чогуу алып келе жатышкан.
Аталган факты Нарын РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, алынган ак түстөгү таштарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.


Ак үйдүн жанына алып бараткан го...