super.kg logo

Сыймык Жапыкеев: "Мелис Аспеков менен эч кандай мамилем жок"

 

"Мелис Аспеков менен менин эч кандай мамилем жок" - деп билдирди Сыймык Жапыкеев Кактус маалымат агенттигине.

"Чыгып жаткан маалыматтар туура эмес. Биздин эч кандай мамилебиз жок. Ал кимден канча акчаны опузалаганын тергөөнүн жыйынтыгы көрсөтөт. Ал антип дагы айтпаш керек эле. Ал эми Улан Жураевди такыр тааныбайм, аны билбейм дагы. Мен анын блогер экенин билгем. Бир жолу кафеден көргөм", - деди Жапыкеев.

9-январда УКМК жарандык активист Мелис Аспеков менен Улан Жураевди 250 миң доллар талап кылган деген жүйөө менен кармаганы маалымдалган.

Ал эми бүгүн айрым маалымат каражаттары камакта жаткан Мелис Аспеков Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берүүдө деп жазып чыгышкан. Ал ортодо УКМК бул маалымат фейк экенин, кимде-ким жалган маалымат таратса, мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: