super.kg logo

"10 сом жол акы же майыбызга, же ижарага жетпей, иштегенибиздин изи чыкпай жатат" дейт Бишкекте маршруттук такси айдаган айдоочу

 

Бүгүн, 18-январда Бишкек шаарындагы айрым коомдук транспорттун айдоочулары иш таштады. Алар жол акыны көтөрбөй жатышат деген жүйөө менен жумушка чыкпай койгон. Ал эми бул маселеге шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жыл аягына чейин айдоочулар уруксат берсе, жол акы акырындык менен көтөрүлө турганын маалымдады.

SUPER.KG порталы 193-маршруттун атын атагысы келбеген айдоочусу менен байланышып, жалпы айдоочулардын көйгөйүн укту. Айдоочунун айтымында, бул маселе буга чейин да көтөрүлүп, бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес.

"Биз Бишкек мэриясына бир эле талап менен кайрылып жатабыз. Ал жол акыны көтөрүү. Айдоочулар жол кирени кымбаттатканда да өтө кымбат эмес, 15 сомго чыгарууну сунуштап жатат. Өзүңүздөргө маалым болгондой азыр жашоо кымбат. 10 сом жол акы менен же майыбызга, же ижара акыбызга акча жетпей иштегенибиздин изи чыкпай калып жатат. Айдоочуларда ушул эле көйгөй, андан башка маселебиз деле жок. Буга эл деле макул болуп жатат.

Азыр мен өйдөдөн ылдый түшүп келдим, элдер макул экенин айтышты. "Өзүңөр эле көтөрүп койсоңор болмок" дегендер да болду. Бирок биз кантип өзүбүз жол акыны көтөрмөк элек? Аны мэрия чечип, бааны стабилдүү коюп бериши керек да. Мен өзүм алты жылдан бери коомдук транспорт менен элди ташып, эл кызматында жүрөм. Азыр биздин талапка мэрия 2 ай убакыт бергиле деп жатат. Бирок буга да ишенүү кыйын. Себеби бул маселе бизде үчүнчү жолу козголуп жатат. Ага карабай эч кандай жыйынтык болбой келет. Бүгүн мен жумушка чыктым, бирок көп кесиптештерим жумушка чыкпай, иш ташташты", - дейт айдоочу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(17)
18.01.2021. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура эле 15 сом кылыш керек
18.01.2021. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Каршы баары,макул деп албадасынчы
18.01.2021. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Баар жок эле которулуп атат. Деги айлык акылар которулбой койдуда.
18.01.2021. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
10 сомдон жогору которуго каршыбыз! Маршруттарды токтотуп автобуска отуш керек. Ансыз деле марштуттар кобойуп кетти. Жол тыгындарын пайда кылып олтурушат. Автобуска отолу.
18.01.2021. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Таалайбек аптобустарды алып келгенге убакыт керек 1жылдай ага чейин элди сен которуп ташыйсынбы не
nurikkg90 түзөттү 2021-01-18 13:13:56
18.01.2021. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ошончо линияга автобустар келсе шаардын кочолору раза тыгын болот анткени автобустар ылдамдыгы жайыраак астоновкага батпайт
18.01.2021. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура маселе. Давно которуу керек.
Же патент, лицензия , солярка акыларын азайтуу керек. Маршрут айдагандар бут карапайым кишилер, алардын да уйбулосу бар. Которбосо айдоочулар айласыздан жумуш таштап, мигрант болуп башка олкого кетууго туура келет
18.01.2021. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айдочулар кирип алган го е, минус басып коммент калтырып
18.01.2021. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жол акысын которуп тартипти дагы саткаш керек кээ Бир маршуруткага тушсон отун жутогонсуп айдашат урду келди Жан талашып.
18.01.2021. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бештен балансы мектепте окугандар кантип таап берет балдарына? Которулбосун. Мэрия кошумча толоп берсин андай болсо. Же окуучулардын жол киресин азайтсын
18.01.2021. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Арендага айдагандар, андан көрө аренданы түшүргүлө деп арендага бергендерге митингге чыксаңар ,15сом кымбат карапайым элге ,шүгүр кылгыла маршрутка айдагандар 10сомдон нормалный эле болот
18.01.2021. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kanatbek073,
18.01.2021. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Kanatbek073, сен 500минге спринтер алып кунуно мага арендасын 500дон берчи менда айдайын
18.01.2021. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nurikkg90,маршрутканы арендага айдабай эле башка иш кыл. Өзүндүн маршруткан болсо бир жөн.
18.01.2021. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Москвада проезд жыл сайын кошулат, айлык кошулбайт, орустар не доволен, бирок мыйзамга баш ийип эле жашап жатышат, биз кыргыздар шугур кылсак болот
18.01.2021. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Проезд көтөрүлсун, аларды дагы түшүнүш керек, или оптом ишти таштагыла, а то чимкирик мэрлеринен толк дагы чыкпайт, ар бир адамдын үй-бүлөсү бар, а эл бир эки не довольный болуп кайра жайына келишет, итак продукта кымбаттап атканда чыдап эле алып атышат, азыр ар бир экинчи үй бүлөнүн адамды Россияда, тойлорду өткөрүп атышат, элде акча бар, просто кичине тырыш болбой аларды да тушунолу, а майыптар менен окуучуларга арзандатып койсо жетишет, калган алты саны амандар ызы чуу сала беришпей, иштешсин
18.01.2021. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кызык, Бишкекте бензини да соляркасы да Ошко караганда арзан го. Неге жетпейт. Аз, жетпейт деген эле адамдар азыр, шугур кылган адам аз. Студенттер менен окуучуларды да ойлогула да, бир үйдо беш баласы барлар кантет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: