super.kg logo

№3 шаардык балдар ооруканасынын форточкасы бейтап жаткан палатага кулап түштү

 

Бишкек шаардык №3 балдар ооруканасында терезенин форточкасы бейтап жаткан палатага кулап түштү. Бул боюнча аталган оорукананын башкы дарыгери Гүльнара Жанабилова бул боюнча төмөнкүлөрдү айтып өттү.

"Ооруканада кечээ түн ичинде бейтап жаткан палатага форточка кулап кеткен окуя болду. Оорукана 1977-жылдан бери бир да жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Эски чоң терезелер коюлган. Алардын үстүндө чоң форточкалар бар. Анда форточка бөлмөнү желдетүү үчүн ачылган экен. Андан соң форточканы бекемдей турган жабдык менен бекитпей коюшуптур.

Кудай сактады, бизде баласы менен эне укол алуу үчүн палатадан чыгып кетиптир. Бала жок болчу. Бирок ал жерге кулап түшкөндө жанындагы палатада жаткан апалар дабышын угуптур. Кудай эле сактады баарыбызды, өзгөчө баланы. Андан соң дароо эле мык менен бекемдедик. Ал жерде жаткан бейтап балдардын апаларына форточканы ачпай туруу керек экендигин айттык.

Оорукана оор эле абалда. Бул деген бир күндүн окуясы эмес. Бул деген 30 жылдын ичинде бир дагы оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес", - деди Гүльнара Жанабилова.






Бишкектеги №3 балдар ооруканасында терезенин форточкасы кулап түштү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: