super.kg logo
  Саясат  

Ош. Шаардагы эстакадалык көпүрөнүн курулушуна капсула салуу аземи болду

 
Көпүрөнүн курулушуна капсула салуу аземине шаар жетекчилиги, ЖКнын депутаттары жана башкалар катышты
Мелис Мырзакматов шаардыктарды Ош шаарынын күнү менен куттуктады
Жогорку Кеңештин депутаттары Бөдөш Мамырова менен Надира Нарматова да иш-чарага катышты
Борбордук көпүрөнүн курулушу жүрүп жатат
Ош шаардык кеңешинин төрагасы Таалай Сабиров куттуктоосун айтууда
Көпүрөнүн пайдубалы түптөлүп, курулуш иши кызуу жүрүүдө
Курулушчулар. Көпүрөнү кытайлык компания курууда
Шаар башчы Мелис Мырзакматов курулушка капсула салуу аземинде
Шаар башчы Мелис Мырзакматов курулушка капсула салуу аземинде
ЖКнын депутаты Надира Нарматова капсула салуу аземинде
ЖКнын депутаты Надира Нарматова капсула салуу аземинде
Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата шаардагы эстакадалык көпүрөнүн курулушуна капсула салуу аземи болду. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов, шаардык кеңештин төрагасы Таалай Сабиров, вице-мэр Рустам Мирзаматов, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Бөдөш Мамырова, депутат Надира Нарматова, өлкө аймагынан келген коноктор жана жергиликтүү тургундар катышты. "Бул жердеги эски көпүрө шаардыктарга 70 жылдан бери кызмат кылып келет. Мындан ары аны оңдоого болбой калды, ошону эске алып жаңы көпүрө куруп жатабыз. Бул шаардыктардын муктаждыгы болчу. Көпүрө ийгиликтүү курулуп бүтсө, үстүнө троллейбус зымдары да тартылат"- деди шаар башчы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: