Баткен шаарын ирээтке келтирүү боюнча рейд жүрүүдө





Баткен шаарын ирээтке келтирүү боюнча рейд жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, шаарды ирээтке келтирүү иш-чарасы Баткен шаарынын мэриясынын жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлүп жатат. Текшерүү учурунда өзүм билемдик менен уруксат берилбеген жайларда тоскоолдук жаратып, соода жүргүзүүгө, же күркөлөрдү баш аламан жайгаштырып алган ишкерлерге тиешелүү кызматтар тарабынан айып пулдар салынды.
Аталган иш-чаранын максаты - шаардагы баш аламандыктарды жөнгө салуу, борбордук базардын айланасындагы көчөлөрдө баш аламан соода түйүндөрүн базарга көчүрүү, санитардык абалды сактоо, соода-сатыктан бошогон жолдорду калыбына келтирүү. Ошондой эле шаарды тазалоо жана коомдук коопсуздуктун алдын алуу болуп саналат.

