Мелис Аспеков Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берди деген маалымат талкуу жаратты. Атамбаевдин ден соолугун кароодон өткөрүүгө кат жөнөтүлөт. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду кабыл алууну аяктоодо.
Маалыматка ылайык, 17-январга карата 54 аймактык шайлоо комиссиясынан төмөнкүлөр протоколдорун тапшырды.
- Ош облусу (Чоң-Алай, Алай, Араван, Кара-Суу);
- Талас облусу (Манас, Талас, Кара-Буура, Бакай-Ата);
- Жалал-Абад облусу (Аксы, Ала-Бука, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Сузак, Тогуз-Торо, Чаткал);
- Нарын облусу (Нарын шаары, Кочкор, Нарын, Жумгал, Ат-Башы);
- Ысык-Көл облусу (Каракол, Балыкчы, Ак-Суу, Жети-Өгүз);
- Чүй облусу (Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Чүй, Сокулук, Панфилов, Токмок);
- Баткен облусу (Баткен шаары, Кызыл-Кыя, Баткен, Лейлек, Сүлүктү).
Тапшыра элек аймактык шайлоо комиссиялары:
- Бишкек шаары;
- Ош шаары;
- Ош облусу (Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат);
- Талас облусу (Талас шаары);
- Жалал-Абад облусу (Базар-Коргон, Жалал-Абад, Ноокен, Токтогул);
- Нарын облусу (Ак-Талаа);
- Ысык-Көл облусу (Ысык-Көл, Түп, Тоң);
- Чүй облусу (Ыcык-Ата, Москва);
- Баткен облусу (Кадамжай).
Төмөнкү шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан жараксыз деп таанылды (жокко чыгарылды). Анын себептери: добуш берүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө убагында добуш берүүнүн жыйынтыктарын ишенимдүүлүк менен белгилөөгө мүмкүнчүлүк бербей турган бузуулар орун алды.
10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана референдум өткөн.

2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоого катышкан партиялардын 5 миллион сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөлөрү кайтарып берилиши мүмкүн. Маалыматты SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Адилет Шаршеналы уулу билдирди.
Атамбаевдин ден соолугун кароодон өткөрүү боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине кат жөнөтүлөт
Биринчи Май райондук сотунда мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге карата соттук териштирүү иши улантылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүнкү соттук отурумда жактоочу Замир Жоошев жазык ишинин айыпталуучу Алмазбек Атамбаевге карата бөлүгүн өзүнчө өндүрүшкө бөлүү жөнүндө өтүнүч келтирди.
Судья сот отурумунун катышуучуларынын пикирлерин угуп, аталган өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырды.
Андан сырткары айыпталуучу Атамбаевден анын ооруп жаткандыгы жана жазык ишин анын катышуусусуз кароо мүмкүнчүлүгү жөнүндө арыз келип түштү. Тараптардын ойлорун угуп бүткөн соң айыпталуучунун жоктугуна байланыштуу соттук отурум 2021-жылдын 3-февралына саат 14:00гө жылдырылды" , - деп жазылат маалыматта.
Ал эми жактоочу Замир Жоошев төмөндөгүдөй маалымат берди.
"Ишти карап жаткан судья Азирет Медеров Саламаттыкты сактоо министрлигине Атамбаевдин ден соолугу боюнча кат жөнөтөрүн айтты. Анда Алмазбек Атамбаевди ден соолугу боюнча кароодон өткөрүп, эмне оорулар менен жабыркап жатканын аныктоо тапшырылат. Ошондой эле кандайдыр бир илдеттен жабыркап жатканы аныкталса, ал абалда соттук териштирүүгө катышуу мүмкүнчүлүгү каралат", - дейт жактоочу.
Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Алмазбек Атамбаев өтүп жаткан 3 иш бар. Алар: Кой-Таш окуясы, Бишкек ЖЭБин жаңылоо жана Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин жер тилкелери боюнча бардык иштер.

