super.kg logo

Баткенде айымдар ишкердикти өнүктүрүү максаттарын талкуулашты

 

Баткен облусунун Исфана жана Сүлүктү шаарларында айымдардын катышуусунда "Өз ара жардамдашуу" мезгили аталышында жыйын өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Исфана шаарынан 200, Сүлүктү шаарынан 100гө жакын айымдардын катышуусунда өткөрүлгөн иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова катышты. Анда үй кожойкелеринин жашоо-шартын жакшыртуу максаты, заман талабына жараша кирешелүү жумуш менен алек болуусу, кыял-максаттарын ишке ашыруу менен аны өнүктүрүү жаатындагы ойлору, сунуш пикирлери менен бөлүшүп, кеңири баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

"Иш-чаранын максаты - аялдардын ишкердигин илгерилетүү. Аялдардын экономикалык деңгээлин, ошондой эле алардын руханий, инсандык, кесиптик өнүгүүсүн жогорулатуу, ишкер аялдардын потенциалын жогорулатуу үчүн аянтчаны колдонуу, ошондой эле тажрыйба алмашуу болду. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга органикалык биогумус өндүрүүнүн жол-жобосу түшүндүрүлүп, аймакты органикалык бренд облуска айлантыруу максатында ар бир үйдө сөөлжан багуу жана органикалык жер семирткичти өндүрүү максаттарды сүйлөшүлдү. Ошондой эле ишкердикти баштоо, аны өнүктүрүү жолдору жөнүндө кеңештер айтылды. Конференциянын алкагында "Керемет жашоонун сырлары" аталышында тренинг өтүп, анда кыялдарды ишке ашыруунун сырлары тууралуу айтылып, айымдардын ишкердик, экономикалык, саясий, лидерлик жөндөмдөрүн арттырууга багытталган мастер-класстар өткөрүлдү", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: