super.kg logo

Өзбекстанда жатак абактар жабылууда

 

Өзбекстанда жатак абактар жабылууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал жерде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандар башка абактарга которулду.

"Быйыл алты жатак абакты жабуу пландалып жатат. Алар Ташкент, Жизак, Кашкадарыя жана Сурхандарыя облустарында жайгашкан" деген Жаза аткаруу кызматынын аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери.

2020-жылы декабрдын аягында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев парламентте сүйлөп, акырындык менен өлкөдөгү 25 жатак абакты кыскартуу пландалып жатканын билдирген.

Өткөн жылы августта өлкөнүн ички иштер министри Пулат Бабажанов Өзбекстандын абактарында отурган камактагылар кыйла азайганын, алардын саны 22,9 миңди түзөрүн билдирген.

Шавкат Мирзийоев бийликке келгенден бери Өзбекстанда 50дөн ашык мурдагы жогорку кызматтардагы саясий туткун эркиндикке чыгарылды. Алардын арасында маркум президент Ислам Каримовдун тушунда соттолгон саясий оппозициянын активисттери, журналисттер жана укук коргоочулар бар" , - деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.01.2021. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жагы жакшы болуптур.Тамак аш,кийим кечеге эконом.Ал эми ошончо турмонун жумушчулары ишсиз калышат экен да ээ.Бирок канча уй було суйунуп отурат,уй булосу толукталып,акталып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: