Парламент комитетинде брокердик компаниялардын айынан бюджетке 800 миллион сомдун тегерегинде каражат түшпөй калып жатканы айтылды
Бүгүн, 18-январда Бюджет жана финансы комитетинде 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчёту каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Депутат Төрөбай Зулпукаров бюджетке терс таасирин тийгизген мыйзамдар бар экенин эске салып, бул боюнча кандай чечимдер болуп жатканына кызыкты. Анын айтымында, бажыдагы брокердик компаниялар боюнча ишти өзгөртүп, анын натыйжасында 9,5 миллион доллар же 800 миллион сомдой каражат киргизсе болот. “Бажы терминалдарында акча каражаты 4-5 фирманын чөнтөгүнө кетип калбашы керек эле. Бажы структурасын жөнгө салуу боюнча кандай иш-аракеттер жүрүүдө?” - деп сурады эл өкүлү.
Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Элнура Мамбетжунушова бул суроого жооп берип жатып, брокердик компанияларды жоюп салуу мүмкүн эместигин белгиледи. “Учурда брокердик компаниялар менен келишим түзүлүүдө. Бажы структурасы боюнча платформа модернизация болот. Азыр брокердик фирмалар менен келишим түзүп, платформаны колдонгон үчүн бажы структурасы боюнча мамлекеттик ишканага кандайдыр бир сумма төлөп беришет. Ал сумма 100 сомдун тегерегинде болушу мүмкүн. Бул боюнча кол коюлуп, чогулуштар болуп талкуу жүрүп жатат. Бирок жеке брокердик фирмалар калат. Толугу менен мамлекеттик кыла албайбыз. Анткени ЕАЭБдин мыйзамдарына туура келбейт”, - деди бажы кызматынын төрагасынын орун басары.

