super.kg logo

Таласта газ баллон жарылган тез тамактануучу жайдагы окуя: Жабырлануучулардын экөөнүн абалы өтө оор

 

4-январда Талас облусунун Кызыл-Адыр айылындагы "Шаурма сити" тез тамактануучу жайынан газ баллон жарылып, өрт чыккан. Анда 11 адам жабыркаганы айтылган. Бүгүнкү күндө бейтаптардын төртөө Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатат. Анын экөө оор абалда экенин аталган бейтапкананын маалымат кызматынан билдиришти.

"Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Таласка болгон иш сапарынан кийин Бишкекке 3 бейтап которулган. Анын ичинен 32 жана 39 жаштагы айымдардын абалы дагы деле өтө оор деп бааланууда. Ал эми эки бейтаптын абалы канааттандырарлык", - дешти мекемеден.

Ал эми Кара-Буура аймактык ооруканасынын жетекчиси бир бейтап амбулатордук дарыланууда экенин билдирди.

"Кырсыктан жалпысынан 11 адам жаракат алып, бирөөнүн жаракаты жеңил болгондуктан амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Башында эки бейтап, андан кийин дагы эки бейтап Бишкекке дарыланууга которулган. Учурда аймактык ооруканада 4 бейтап дарыланууда, абалы канааттандырарлык", - деди оорукананын жетекчиси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: