Бишкекте 12 ай ичинде 2 миң 183 жол кырсыгы катталды. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 16 пайызга аз




Бишкек ШИИББинин орун басары Эрлан Атантаев жана милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгынын башчысы Алмазбек Исаков жана анын орун басарлары, башкармалыктын полкунун командири жана бөлүм башчыларынын катышуусунда 2020-жылдын 12 айын жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын аймагында 2020-жылы 12 ай ичинде жалпысынан 2 миң 183 жол транспорт кырсыктары катталып, 2019-жылга салыштырмалуу 428ге азайган. Ал эми жол кырсыгынан жаракат алган жарандардын саны 2 миң 860ты түзүп, 2019-жылдын 12 айына салыштырмалуу 430га азайган. Ал эми жол кырсыгынан 2020-жылы 72 жаран көз жумуп, 2019-жылга салыштырмалуу 11 жаранга азайган.
"Жалпысынан алганда 2020-жылы 12 ай ичинде Бишкек шаарынын аймагында 2019-жылга салыштырмалуу 16,39 пайызга жол кырсыктары азайгандыгы байкалган. Бул көрсөткүч милициянын кайгуул кызматынын бөлүнгөн аймактарда айдоочуларга жүргүзгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасы экендиги байкалган. Ошондой эле түзүлгөн протоколдордун саны 2020-жылы 206 миң 147ни түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 127 миң 177ге көп толтурулган", - деп жазылат маалыматта.
Алардын ичинен:
- Мас абалында автоунаа башкаруу - 3 миң 15;
- Автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 1004;
- Автоунааны айдоочулук күбөлүгү жок айдоо - 3 миң 785;
- Мындан башка толтурулган протоколдор - 198 миң 343;
Андан сырткары 2020-жылы 12 ай ичинде - 20 миң 854 унаа убактылуу токтотуучу короо жайына киргизилди.

