БШКнын төрайымынын орун басары: "Шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккандан кийин 30 күндүн ичинде инаугурация өтөт"
Шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккандан кийин 30 күндүн ичинде инаугурация өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
"Инаугурация менен уюштуруу комитети алектенет. Биз азыр шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду кабыл алып бүтөйүн деп калдык. Эртең бүтсөк, арыздарды кабыл алып президенттик шайлоонун жыйынтыктарын чыгарабыз. Шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккандан кийин 30 күндүн ичинде инаугурация өтүшү керек. Расмий жыйынтык чыккандан кийин инаугурация эртеси деле өтсө болот", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

