super.kg logo

"Уулумдун көзү өткөнүнө ишене албай жумушунан качан келет деп күтө берем". Маркум актёр Марат Жанталиев тартылган акыркы тасма жарык көрдү

 

18-январда Бишкектеги "Жал" кинотеатрында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, маркум Марат Жанталиев тартылган акыркы тасма "Чоң атамдын жоруктары" кинокомедиясы тар чөйрөдө көрсөтүлдү.Тактап айтканда, аталган тасма актёрдун жакын туугандары, санаалаштарына көрсөтүлүп, жаркын элесине багышталып куран окутулду.

Тасманын режиссеру Мурат Мамбетовдун айтымында, кинонун ачылышын адаттагыдай шаң-шөкөт менен жасай алышкан эмес.

“Биз көп эл чогултуп чоң ачылыш жасаган жокпуз, анткени “Чоң атанын жоруктары” кинокомедиясына салымы чоң үч кишинин көзү өтүп, бүгүнкү күндө алар арабызда тилекке каршы жок. Алар эл сүйгөн актёр Марат Жанталиев, ак жол каалап батасын берип, чоң атанын ролун ойногон Мухтар Бейшенбиев жана тасманын демөөрчүсү Жаңыбай Жаанбаев. Бул инсандардын туугандарын, досторун жана санаалаштарын чакырып тасманы көрсөтүп, андан соң дасторкон жайып, жаркын элесине арнап куран окудук”, - деди Мамбетов.

Эске салсак, тасма 14-январдан баштап республиканын бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштады. Продюсер Ырыс Жоомартова кино даяр болгонго чейин бир канча кыйынчылыктар болгонун айтат.

“Негизи 2019-жылы тартып баштаганбыз, ортодо пандемия андан соң чоң жоготуулар болуп бизге оор эле болду. Бирок биз кинону жарым-жартылай кылып жолдо таштай албадык, анткени Марат Жанталиевдин акыркы кадрдагы ролун бир гана туугандары эмес бүтүн кыргыз эли күтүп көрөт. Агабыз съемка учурунда улам эшикке чыгып, бир жерге басып кетчү. Көрсө команданын маанайын бузбайын деп, бизге ооруганын билдирбей жүргөн экен”, - дейт Жоомартова.

Тасма көрсөтүлүп жатканда кинокомедия экенине карабастан чакырылган коноктор көздөрүнө жаш алып отурушту. Алардын арасында Марат Жанталиевдин апасы Кеңеш Жанталиева жана жубайы Асел Дооронбаева болду.

“Кинонун ачылыштарына дайыма бирге келчүбүз, бул тасмага ким билиптир ушинтип ал жок келерибизди”, - деди актёрдун жубайы.

“Уулумду сагынам, көргүм келет, айла канча. Көзү өткөнүнө ишене албай жумушунан качан келет деп күтө берем. Ал арабызда жок болгонуна карабастан тасманы аягына чейин чыгарып, мына минтип эскерүү өткөрүп жаткан кесиптештерине ыраазымын”, - деди көзүндөгү жашы токтобогон апасы Кеңеш Жанталиева.

Тасманын ачылышынан репортажды төмөндөгү видеодон көрө аласыз.


кошулду





"Чоң атамдын жоруктары" кинокомедиясына көзү тирүү кезинде салым кошкондорго куран окутулду

Автор: Медина Найманова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
19.01.2021. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эне байкушка эле кыйын негизи бала жоготуу. Эч бир эне баласынан айрылбасын. Энесине, жакындарына кудайым сабр берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: