Кара-Суу райондук сотунун судьясы пара менен кармалды
Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясы А.З. пара талап кылуу фактысы боюнча айыпталып, кылмыш иши козголду. Муну Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, ИИМге М.К. аттуу жаран кайрылып, аталган судья соттун чечимин арыз ээси каалагандай кылып чыгарып берүү үчүн 40 000 сом талап кылып жатканын айткан. 5-октябрда ыкчам чара көрүү учурунда судья А.З. укук коргоо кызматкерлери тарабынан иш бөлмөсүнөн 20 000 сом пара алып жаткан учурда кармалды. Учурда Ош облустук жана шаардык прокуратуранын тергөө бөлүмү тарабынан иликтөө иштери жүрүүдө.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

окунучтуусу, больницада бир жакын адамын оор абалда жатса акча бермейин коз салып да коюшпайт!! болбосо ошол кылган иши учун айлык алат деп жинин келет. эгер 2-тараптан карасан алардын айлыгы деле жарытылуу эмес, ошон учун пара алышат деп ойлойсун. качан онугуп, элге окшоп жашайт экенбиз а, айлык аз, ещё анысы да заддержка м.н!