Жогорку Кеңештин комитетинде быйыл тышкы карызды төлөөгө 20 миллиард сом жумшала турганы айтылды
Бүгүн, 18-январда Жогору Кеңештин Бюджет жана финансы комитети 2019-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча отчётту экинчи окууда карады.
Финансы министри Кыялбек Мукашевдин баяндамасында белгилегендей, киреше бөлүгү 148,5 миллиард сом суммасында болуп, жалпы чыгымдар аткарылган. Анын айтымында, республикалык бюджеттин кирешеси дээрлик 96 пайызга аткарылган. “Мамлекеттик салыктык кирешелер 96,6 пайызга аткарылган. Бажы кызматы 43 миллиард сом чогултуп, 96,8 пайыз план аткарылды, ал эми салыктык эмес түшүүлөр 29 миллиард сомду түзгөн. 2019-жылдын чыгымдары, социалдык фонд, айлык акы, мамлекеттик карызды тейлөө боюнча чыгымдары толугу менен жабылган”, - деди финасы министри.
Депутат Сайдулла Нышанов ички-тышкы карыздар боюнча тынчсыздануусун билдирип, быйылкы жылга канча сумма төлөнөрүн сурады. Маалым болгондой, 2021-жылга карызды жабуу үчүн 34 миллиард сом коюлууда. Анын 20 миллиард сому тышкы карызды төлөөгө жумшалмакчы.



1 |