"Аялдаманы маршруттук каттамдар эмес, таксилер ээледи". Шаар тургундары коомдук транспортту саргая күтүшүүдө










Бүгүн, 18-январда Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө аялдамада маршруттук каттамды күткөндөрдүн саны күндөгүдөн арбын.
SUPER.KG порталы Манас жана Чүй көчөлөрүндө жайгашкан аялдамаларда эл коомдук транспортту күтүп жаткандарына күбө болду.
Маршруттук таксилерди күтүп турган шаар тургундарынын айтымында, коомдук транспорт токтоочу аялдаманы такси кызматтары ээледи.
"Элдин баары эле жумушунан үйгө кете албай турушат. Маршруттук таксилер такыр жок эмес, бирок өтө аз. 40 мүнөт күткөнүң аз келгенсип, батпай калып жатабыз, кайра кийинкисин күткүчө, таксиге түшүп кете берели десек, күндөгүдөн 30-50 сомго кымбат", - деп билдирди аялдамада тургандардын бири.
Бүгүн айрым маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире акысын жогорулатууну талап кылышып, жумушка чыкпай коюшкан.
Бул маселе боюнча Бишкек шаардык мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жол кире акысын май айында 2-3 сомго, анан акырындап жылдын аягына чейин 15 сом кылып берели деген пикирин билдирди.










1 |