Самара Каримова музыкалык окуу жайдын мурдагы директору ал тууралуу фейк маалыматтарды таратып жатканын айтты

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын мурдагы директору Нурлан Каримов ал тууралуу фейк маалыматтарды таратып жатканын айтты. Мындай пикирин Каримова социалдык тармакта түз эфир учурунда билдирди.
"Ар тараптан колдоп жаткандарга терең ыраазычылыгымды билдирем. Бүгүн мурдагы директор социалдык тармактардан фейк аккаунттарды ачып, туура эмес маалыматтарды таратып жатат. Нурлан Каримов менен 13-январда Бишкек шаарына Маданият, маалымат жана туризм министрлигине чогуу учуп барганбыз. Ал буга чейин мен канча соттук процесстерге катышканымды билчү. Соттон утканда министрлик ага жумуш издеп министрге кеңешчи кылып дагы чакырган. Бишкекте үйүм жок дегенинен Оштон ар түрдүү иштерди караштырышкан. Аягында Нурлан мырза менен бир командада иштейбиз дегенбиз. Чогуу Ошко келгенбиз. Ал кызматкерлерге жумушунан кетиши боюнча маалымат берген эмес. Мага башкача, жамаатка башкача сүйлөгөн.
Ал вотсаптан мугалимдерге "Самара мени коркутуп жатат, аны кууп чыгарып салгыла" деген билдирүү жөнөтүп, мен жөнүндө туура эмес маалыматтарды берген. Мугалимдерде күнөө жок, анткени аларга мен тууралуу башкача маалыматтар берилген. Мен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, маданият өкүлү катары эч кандай андай баскынчылыкка барбайм.
Министрликтин статс-катчысы келип мени тааныштырып, соттун чечимин окуп кеткен. Ага карабастан Нурлан мырза мен жөнүндө туура эмес сөздөрдү чыгарып, каралап жатат. Мени колдогон мугалимдер үйүмө чейин келип жатышат.
Мен 15-январдан баштап директор болгом. Ал жердеги бардык нерсеге керт башым менен жооптуумун. Окуу процесси кандай болуп жатат? Мен жумушума шалаакы мамиле кылбашым керек. 15-январда Нурлан мырза кабинетти мага ачып бербестен кетип калган. Арадан 3 күн өттү. Нурлан Каримовдун "биз кабыл албайбыз" деген кадрлар бөлүмүнүн башчысын, башкы эсепчинин үстүнөн арыз жаздым. Ачкычты жоголуп кетти деп айтышкан, ошого байланыштуу бүгүн кабинеттин кулпусун алмаштырып койдук. Мындан кийинки кадамыбыз окуу жайды мындан да мыкты кылуу", - деди Самара Каримова.
Самара Каримова өткөн аптада Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына директор болуп дайындалып, 15-январда эмгек жамаатка тааныштырылганы кабарланган.
Кечээ, 17-январда Самара Каримова окуу жайдын айрым кызматкерлерине карата арыз жазды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз катчысы тарабынан белгилүү болду.
"Кечээ кечинде Самара Каримовадан айрым кызматкерлерге карата арыз келип түштү. Анда сотто утуп алганына карабастан окуу жайдын айрым кызмат адамдары анын иштешине каршы болуп жатканы айтылган. Арыз каттоого алынып, учурда прокуратура менен сүйлөшүү жүрүп жатат", - деди маалымат катчы.
Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айткан. Мындан улам ырчы аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган деп сотко кайрылып, утуп алганы маалым болгон.
Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Самара Каримованын сотто утуп алганы боюнча апелляциялык арыз даярдалып жатканын, мыйзам талаасында иш жүргүзүлөрүн кабарлашкан.
Нурлан Каримов креслого жармашкан адам эмес экенин билдирип, кызматын тапшырып берерин айткан.
Самара Каримованын түз эфири


















1 |