super.kg logo

Мелис Аспековдун иниси: "Байкем кармалганда 50 миң эмес, 5 миң доллар алынган"

 

Бүгүн, 19-январь күнү УКМК тарабынан кармалган активист Мелис Аспековдун жактоочусу Назира Абышкаева жана анын бир тууган иниси Азамат Аспеков маалымат жыйын берүүдө.

Азамат Аспеков агасы кармалганда канча сумма алганын айттып берди.

"Биздин үй Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш айылында жайгашкандыктан, ал жумуштары боюнча Бишкекте жашап жаткан. Байкем кармалгандагы батир өзүнө тиешелүү эмес. Аны эки айга ижарага алган. Бизде келишимдер турат, аны көрсөңүздөр болот. Ал кармалганда 5 миң доллар алынган. 50 миң доллар деген сөздөр калп. Анан анын ноутбугу жана телефону алынган. Мен укук коргоо органдарына кайрылып кетет элем, агам кармалгандан кийин анын социалдык тармактагы баракчасын өзгөртүп, ар кандай сөгүнгөн сөздөр жазылууда. Биз бул боюнча өтүнүч келтиргенбиз. Бул саясий буйрук деп ойлойм", - дейт Азамат Аспеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: