Бишкектеги мектептерде 54 миңге чукул окуучу салттуу режимде окуп жатат
Бишкектеги мектептерде 53 миң 500 окуучу салттуу режимде окуп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.Маалыматка ылайык, учурда борбор калаада 1-5-9-11-класстын окуучулары салттуу билим алып жатат.
"Азыркы учурдагы эпидемиологиялык абалга жараша 1-5-9-11-класстын окуучулары гана салттуу билим алууну улантып жатат. Жалпы 53 миң 500 окуучу мекетепке барышты. 6 миңге чукул мугалимдер салттуу жана онлайн режиминде сабак берип жатат. 97 мектеп, 87 бала бакча дезинфекциялык каражаттар менен камсыз болду. Ага билим берүү башкармалыгынан 6 миллион 800 миң сом бөлүндү", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















