Бишкектеги курулуш вагонунан чыккан өрттөн бир адам каза болду
Бишкек шаарында жалпы аянты 160 чарчы метр курулуш вагонунан өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май районундагы Васильевский тракт №1 дарегиндеги Ак-Жол автобазасынын аймагындагы жалпы аянты 160 чарчы метр курулуш вагону толугу менен жана "VOLVO" үлгүсүндөгү автоунаанын чиркегичи күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1 эркек киши каза болгон.
"Маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Өрттүн келип чыгуу себеби жана каза болгон жарандын аты-жөнү такталууда", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.