super.kg logo

Жеңесине кол көтөргөндүгү үчүн муунтуп өлтүргөн. Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

 

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-январь күнү болжол менен саат 22:50 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде адам өлтүрүү фактысы болгону боюнча маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактап, болжол менен жашы 40-50 чамасындагы адамдын жансыз денеси жаткандыгын көрүшкөн.

"Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1985-жылы туулган З.В. аттуу жаран кармалган. Шектүү Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Алгачкы суракта шектүү маркумду жеңесине кол көтөргөндүгү үчүн, муунтуп өлтүргөнүн айткан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүу реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: