Ысык-Ата РИИБи 320 мүмкүнчүлүгү чектелген карыяларга тамак-аш уюштуруп берди




Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы 15-январь күнү Төмөнкү-Серафимовкадагы карылар үйүндө тамак-аш уюштурушту. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган жайда 320 мүмкүнчүлүгү чектелген жана туруктуу жашоочу жайга муктаж карыялар күн кечирип келишет. Андагы карыялар милиция кызматкерлерине өз ой пикирлери менен бөлүшүп, жаш кездеги окуяларын эскерип отурушту.
"Ошол эле күнү Алмалуу айылындагы жергиликтүү жашоочулары менен жолугушуу уюштурулуп, аталган жыйынга Ысык-Ата районунун акими жана райондук Ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги катышты. Жыйында өткөн жылы аткарылган иштер тууралуу жергиликтүү жашоочуларга маалымат берилип, үстүбүздөгү жылы аткарылуучу иштер тууралуу пландар ортого салынды. Ошол эле жыйында кылмыштуулукту жана зордук-зомбулукту алдын алуу жана жеке мүлктөргө сак болуу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Андан сырткары Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы автоунаасы менен коомдук маршруткалардын айдоочулары жана администрациялары менен жолугушуулар жүргүзүлүп, каттамдардын үзгүлтүккө учуроосун алдын алуу иштери жүргүзүлдү", - деп жазылат маалыматта.

