"Эт азыктары 390 сом". Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт
Бишкекте 23-январда кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.Билдирүүгө ылайык, жарманке 2021-жылдын 23-январында Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.
"Биз жарандардын өтүнүчүн эске алуу менен бир айда эки ирет жарманке өткөрүүнү туура көрдүк. Ар бир өткөн жарманкеде иш-чаранын форматын жаңыртып турабыз.
Ошондой эле жарандарды эл аралык бренддерден кем калбаган, өзүбүздүн сапаттуу ата мекендик бренддер менен тааныштырып, дыйкан, фермерлерди колдоо биздин эң негизги максатыбыз", - деди Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Бермет Турсалиева.
Жарманке 23-январда саат 10:00дө башталып, анда азыктар төмөнкү баада коюлат:
• Эт азыктары 390 сом;
• Жумуртка 88-92 сом;
• Үй тооктору 180-200 сом;
• Каймак 220 сом;
• Быштак 180 сом;
• Айран 40 сом;
• Өсүмдүк майы 112-120 сом;
• Картошка 22-25 сом;
• Пияз 15 сом;
• Сабиз 20 сом, жашылчалар, суусундуктар жана башкалар.
Кошумча маалымат алуу үчүн: 0704 25 25 55, 0222 55 55 21, 0550604060.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:42
2026-03-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















