super.kg logo

Фотоальбом. Ууртундагы уячасы менен суктандырган ырчы Жийдеш Идирисованын бала кезинен эки кыздын энеси болгонго чейинки кези

 

Документке туулган күнү бир күн кеч жазылган ырчы Жийдеш Идирисова бүгүн, 19-январда 36 жашка толду. Аны куттуктап байланышканыбызда туулган күнү бассейнде сүзүү менен башталганын айтат.

"Ден соолукту чыңдоо үчүн сууда сүзүү курсуна барып жүргөм. Туулган күнүм сууда сүзүү менен башталды. Азыр кыздарым менен даярданабыз. Кечинде тар чөйрөдө жакындарым менен туулган күндү белгилейбиз", - дейт ал.

Жийдеш Идирисова 1985-жылы 19-январда Нарын шаарында туулган. Ырчынын бала кезден бүгүнкү күнгө чейинки сүрөттөрүн топтоп, кандай өзгөргөнүнө чогуу көз чаптыралы.

БОЛОЧОКТОГУ ЫРЧЫ БИР ТУУГАН ИНИСИ МЕНЕН


Жийдеш Идирисова "Эдем алмасы" аттуу тасманын саундтрегин аткарып, эл оозуна алынган. "Артек" музыкалык тобунда 6 жылдан ашык иштеп, андан соң "Сен" деген ыры менен жеке карьерасын баштаган.

2015-жылдын 19-декабрында Түркиянын Стамбул шаарында өткөн "Turkvizyon 2015" эл аралык сынагынын гранд-финалында мамлекетибиздин атынан чыккан ырчы Жийдеш Идирисова "Ким билет?" аттуу ырды аткарып, 1-орунду ээлеген.

Ырчы жолдошу Андрей Доргайга турмушка чыккандан 6 жыл өткөндөн кийин никесин мыйзамдаштырып, үлпөт той өткөргөн. Түгөйлөрдүн ортосунда Севара жана Адэл аттуу кыздары бар.

19-январга карата жылнаама.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.01.2021. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу жвачка чайнаган аялды көрсөм.......))) Бирок ишине ийгилик, жаны ырларды ырдап чык дагы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: