super.kg logo

Министрлик: "Биздин жана башка мамлекеттердин жарандары өлкөгө ПЦР-тестинин жыйынтыгы менен гана киргизилет"

 

Коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча жаңы алгоритм иштелип чыкты. Ага жараша өлкөгө киргендердин барында ПЦР-тестинин жыйынтыгы болушу шарт. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Коронавирустан жаңы штаммы Англиядан, Австралиядан, Түштүк Африка өлкөлөрүнөн жана башка мамлекеттерден чыгып жатканы тууралуу маалыматтарды угуп жатасыздар. Алсак, Орусияда бери дегенде эле вирустун мутация болгон 1 миң 500 жаңы штаммы аныкталып, ага карата лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат. Бизде коронавирустун жаңы штаммын өлкөгө киргизбөө максатында алдын ала аракеттер көрүлүп жатат. Орусиянын институттары менен сүйлөшүп, тактап айтканда Новосибирск шаарына бизден чыккан вирустун үлгүлөрүн лабораториялык текшерүүгө жөнөттүк. Мындан тышкары чек ара өткөрүү пунктунда санитардык-карантиндик кызмат ишин алып барууда. Ал жердеги адистерди ишке тартып, өлкө аймагына кирген жүргүнчүлөрдү термосканерден өткөрүп, анкета толтуртуп жатабыз. Ошондой эле коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча жаңы алгоритм иштелип чыкты. Ага жараша Кыргыз өлкөсүнө кирген биздин жана башка мамлекеттердин жарандары ПЦР-тестинин жыйынтыгы менен гана киргизилет деген шарт коюлду", - дейт Нурболот Үсөнбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: