super.kg logo

Токтогулда үй ээсин учтуу нерсе менен коркутуп, дагы бирөөнүн унаасын уурдай качкан шектүү Чүйдө кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда каракчылык жана унаа уурдоо менен издөөдө жүргөн шектүү Чүй облусунан кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык окуя 2020-жылдын 5-октябрдан 6-октябрга караган күнү болжол менен саат 01:40 чамасында Токтогул районунда болгон. Анда үй ээсинин Кутман аттуу таанышы үйүнүн дарбазасынан ашып түшүп, үйгө кирип үйдүн ээсин уктап жаткан жеринен учтуу курч нерсе менен моюнуна такап коркутуп, жабырлануучу кыйкырганда шектүү терезе аркылуу качып кеткен. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

"Ошол эле күнү Токтогул шаарчасынын көчөлөрүнүн биринде Ауди А-6 үлгүсүндөгү автоунааны белгисиз жаран үйдүн короосунан жашыруун түрдө айдап качып кеткен. Жогорудагы фактылар боюнча тергөө тапшырмалары берилип, анын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Базар-Коргон районун тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон 1997-жылы туулган М.К.нын окуяга тиешеси бар экендиги такталган.

Издөө иш-чаралынын негизинде шектүү М.К.15-январь күнү Чүй облусунун Панфилов районунун аймагында кармалган. Жанына 28 грамм баңгизатын алып жүргөндүгү аныкталган. Шектүү эки айга камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: