Балбак Түлөбаев: "Эртең 1 миң 500 маршрут жумушка чыкпай койсо, ачык эле шаардыктарды ташый албайм"
Кечээ, 18-январда борбор калаада айрым коомдук транспорттун айдоочулары жол кире акысын көтөрүүнү талап кылып иш таштаган. Бүгүн бул маселе боюнча коомдук транспорттун айдоочулары шаар мэринин милдетин Балбак Түлөбаев менен жолугушуу үчүн Октябрь райондук акимчилигинин алдына чогулушту.
"Мен аларды кыйнай алам, бирок аларды да түшүнүү керек. Алар айтып жатат техникалык жабдыктар, күйүүчү май кымбат деп. Эртең 1 миң 500 маршрут жумушка чыкпай койсо, ачык эле шаардыктарды ташый албайм. Бирок бул маселени майга чейин чечүүгө аракет кылабыз", - деди шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев.
Бул маселе боюнча Бишкек шаардык мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жол кире акысын май айында 2-3 сомго, анан акырындап жылдын аягына чейин 15 сом кылып берели деген пикирин билдирген.




1 |