super.kg logo

"Айдоочуларды желмогуз көрсөтпөгүлөчү сураныч" дейт Балбак Түлөбаев

 

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жол кире акысын жогорулатууну талап кылган маршруттук таксилердин айдоочулары менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин мэрдин милдетин аткаруучу сүйлөшүүлөр кандай өткөнү тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

"Мен айдоочуларга айттым, эгер эртең ишке чыкпасаңар мен Бишкектеги маршруткаларды чогултуп алып өзүм элди ташыйм дедим. Бул эч кандай коркутуу, үркүтүү эмес. Мен шаардын мэри катары элдин талабын аткарып, элди ташышым керек. Керек болсо аскерлерден жардам сурайм, керек болсо менчик компаниялардан жардам сурайм.

Айдоочулар дагы туура түшүнүштү. Мен силерден суранам, айдоочуларды желмогуз көрсөтө бербегилечи. Алар деле биздин арабызда жүргөн тууган-уругубуз. Алар дагы 7-8 жылдан бери көтөрүлүп келе жаткан көйгөйдү айтып, талаптарын коюп жатышат. Азыркы маселеде мени тепкилейсиңер, сөгөсүңөр, жаман көрөсүңөр, аны билип эле турам. Бирок бул маселени мен жалгыз чечпейм", - деди ал.

Бүгүн, 19-январда саат 14:30да Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруттук каттамдын айдоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Анда айдоочулар Балбак Түлөбаев менен жолугушуп, жол киренин баасын 10 сомдон 15 сомго чейин, пенсионерлерге 5 сомдон 10 сомго көтөрүүнү суранышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
19.01.2021. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Шаардык кенештин депутаттарын жок кылыш керек,ошолор кылат мафиянын баарын.
19.01.2021. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эч кандай 10 сомдон 15 сомго которулор болбосун. Мен дагы айдоочумун, шугур кылсак баардыгына жетет. Жетпейт деп айтууга болбойт, жетишиктуу. Болгондо бул жердеги коррупцияны жок кылыш керек. Жылдап унаанын налогдорун тогобуз ошол налогдор кайда? Мын кептин баары ушунда. Таза жана чын иштесек баардыгы оз калыбына келет. Туугандар туура чечим чыгаралы.
19.01.2021. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Taalaibek.,++++кечиресиз - басылып кетти
19.01.2021. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
gul3ina, Эчнерсе эмес, Сизге чон рахмат ыйманынызга, Аллах Сизди дайыма колдосун.
20.01.2021. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар эч ойлонбой эле койгулачы 10 сомду которобуз тушуробуз деп. Болгону куйучу майды эле оз ордуна койсок эле болу баары оз нугунда эле болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: