super.kg logo

Лондондо музейдин алдында Дональд Трамптын келбетине окшоштурулуп жасалган чоң желим фигура пайда болду

 

Улуу Британиянын борбору Лондондо жайгашкан музейдин алдында Дональд Трамптын келбетине окшоштурулуп жасалган чоң желим фигура пайда болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, президент Дональд Трамптын келбетине окшоштурулуп жасалган фигура саясатчынын колунда телефону бар ыйлап жаткан наристе катары сүрөттөлөт.

Музейдин директору Шарон Амент Трамптын келбетине окшоштурулуп жасалган желим экспонатты нааразычылык акциясына арналган коллекцияга толуктоо үчүн кубаныч менен кабыл аларын билдирди.

Белгилей кетсек, Дональд Трамп бүгүн, 20-январда президенттик кызматын Жо Байденге өткөрүп бере тургандыгы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: