Жогорку Кеңештин комитети Жалал-Абадда Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө демилгени жактырды
Жогорку Кеңештин комитети Жалал-Абадда Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө демилгени жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Депутат Канат Керезбековдун айтымында, биринчи мыйзам долбоорунда Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жайгашкан 17 калктуу конушка айыл макамын ыйгаруу демилгеси каралган. Ал эми экинчи мыйзам долбооруна ылайык, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү демилгеси сунушталууда.
Андан тышкары, Базар-Коргон шаары райондун административдик борбору болуп саналган Базар-Коргон айыл аймагынын негизинде түзүлөрү, анын курамына 58 миң 842 адам жашаган 5 айыл жана 6 калктуу конуш кире турганы белгилүү болду.
Талкуунун жүрүшүндө депутаттар Аалы Карашев, Өмүрбек Текебаев, Иса Өмүркулов өлкөдө административдик-аймактык реформаларды жүргүзүү жаатында бир катар сунуштарын берди.

