super.kg logo

Бишкекте 198 орундуу мектептин ачылышы өттү

 

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарындагы №19 орто мектептин жаңы окуу корпусунун ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кошумча корпустун курулушу 2020-жылы Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын линиясы боюнча башталган. 198 орунга эсептелген долбоордун жалпы наркы 45 миллион сомдон ашуун сумманы түздү.

Мектептин кошумча эки кабаттуу корпусунда 8 окуу кабинети, китепкана, хореографиялык зал, 20 компьютер жана интерактивдик панель менен жабдылган электрондук китепкана каралган.

Вице-премьер-министр билим берүү объектилеринини курулушунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Билим берүү жана саламаттыкты сактоо объектилеринин абалы – тийиштүү чечимди жана бюджеттен каржыланууну талап кылган курч маселелердин катарына кирет. Пандемияга байланыштуу, тилекке каршы, айрым билим берүү объектилеринин курулушун каржылоо боюнча кыйынчылыктар жаралды. Бирок Өкмөт курулушу 70 пайыздан ашуун бүткөрүлгөн мектептердин курулушун жыйынтыктоого, ошондой эле кооптуу абалдагы мектептерди оңдоо үчүн каражаттарды табуу маселеси үстүндө артыкчылыктуу иш алып барууда. Мен жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган №19 орто мектептин жаңы окуу корпусунун ачылышына катышып жаткандыгыма абдан кубанычтамын. Пандемияга жана башка объективдүү себептерге карабастан жаңы блоктун курулушу жыйынтыкталып, анда балдардын билим алып баштагандыгы сүйүнүчтүү. Мында балдарды өнүктүрүү үчүн мыкты шарттар түзүлгөн", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: