super.kg logo

Бишкекте Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция болуп өттү

 
Бүгүн, 19-январда Бишкек мамлекеттик университетинде улуттук тунгуч лексикограф, академик Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата "ϴрнѳктүү ѳмүр, ѳчпѳс мурас" аттуу илимий-практикалык конференция онлайн режиминде болуп өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдын мугалими Назира Ахмедова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Ага ылайык, онлайн-конференцияга билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев, Улуттук илимдер академиясынын президенти Осмон Тогузаков, академик Абдылдажан Акматалиев жана башкалар катышты.
Конференциянын алкагында кыргыз тил илиминин өнүгүшүнө салым кошкон көрүнүктүү тилчи, окумуштуулар Кусейин Карасаев атындагы алтын медаль менен сыйланышты.
Кусейин Карасаев - кыргыз совет тилчиси, улуттук тунгуч лексикограф жана лексиколог. Филология илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер. Ал 1979-жылы "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгүн" түзгөн, "Сабат ачкыч" эмгегин чыгарган. Ишеналы Арабаев менен биргеликте "Жаңылык" кыргыз алфавитинин автору, андан кийин Константин Юдахин менен "Кыргыз-Орус сөздүгүн" түзгөн.
Мындан тышкары Кусейин Карасаевдин тил илимине кошкон салымы:
  • "Орфографиялык сөздүк";
  • "Накыл сөздөр";
  • "Өздөштүрүлгөн сөздөр";
  • "Күлкү наама";
  • "Камус наама".





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: