Футбол: Марио Манджукич "Милан" клубуна өттү



Италиянын "Милан" футболдук клубу белгилүү хорватиялык футболчу Марио Манджукич менен келишим түздү. Мындай маалымат аталган футболдук клубдун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, футболчу менен клуб кийинки сезонго узартуу мүмкүнчүлүгү менен ушул сезондун аягына чейин келишим түзүшкөн. Марио Манджукич бул клубда 9-номурда ойнойт. Ал буга чейин Катар өлкөсүнүн "Аль-Духайль" командасында ойноп келген.
Марио Манджукич профессионалдык карьерасын 2004-жылы баштаган. Ал карьерасында жалпы 24 кубок жеңген. Марио Манджукич Хорватия курамасында жалпы 89 беттеш өткөрүп, 33 гол киргизгенге жетишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.