"Референдумдан кийин мен деле парламент менен эсептешпей калмакмын". Депутат Бекешев Балбак Түлөбаевди кызматтан алуу сунушу боюнча пикирин билдирди
Депутат Дастан Бекешев айрым депутат кесиптештеринин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевди кызматтан алуу сунушуна карата пикирин билдирди. Бул тууралуу депутат телеграмм каналында айтты.
"Мен депуттардын Бишкек шаарынын мэрин кызматтан алуу боюнча сунушу жөнүндө окуп алып күлдүм. Менин кесиптештерим Бишкек шаарынын мэри комитет жыйындарына келбей жатканына нааразы болуп жатышат. Мен деле болуп өткөн референдумдан кийин парламентке ушундай эле мамиле жасамакмын. Бизде президенттик башкаруу формасы болду да. Ооба, башкаруу формасы расмий түрдө бекитиле элек. Бирок 80 пайыз добуш парламент менен эсептешпей койсо болорун көрсөттү. Депутаттар өздөрү бул нерсени колдошкон. Эми аларды эч ким укпай жатканына нааразы болуп жатышат. Алар эмнени каалашты эле? Ушундай эле болуш керек болчу" , - деген пикири менен бөлүшкөн Бекешев.
Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин транспорт, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында депутаттар Бишкек шаарынын мэрин кызматтан алуу тууралуу сунушту президентке жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алышкан.

