super.kg logo

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери “NAGA Greppling” боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиондугунда чемпион болду

 

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери “NAGA Greppling” боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиондугунда биринчиликти алды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жогорудагы мелдеш 16-17-январда “Стронг” спорт клубунда болуп өткөн.

"Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкери, милициянын кенже сержанты Бакай Топчубаев “NAGA Greppling 2021” мелдешинде 90 салмактуу категория боюнча биринчиликти алып, Кыргыз өлкөсүнүн чемпиону болду.

Ал 1991-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлүп, бүгүнкү күндө Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматында татыктуу кызмат өтөп келет. Буга чейин да 2018-жылы өткөн 90 салмак категориясында “Ушу Саньда” мелдешинде чемпион, 2019-жылы өткөн 93 салмак категориясында ММА'дин Кыргыз өлкөсү боюнча чемпиону", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: