super.kg logo

Билим берүү министрлигинде окуу китептерине болгон талаптар талкууланды

 
Бүгүн, 19-январда Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-практикалык “Окуу китеби” борбору уюштурган "Жаңы муундагы окуу китептерине коюлуучу талаптар" аттуу тегерек стол өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тегерек столго окуу китептеринин авторлору, келечекте автор болууну ниет кылган адамдар жана басма үйлөрүнүн жетекчилери катышты.
"Окуу китеби" борборунун максат-милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
  • Окуу-усулдук комплексттердин (окуу китеби) мазмунун жакшыртуу;
  • Кыргыз мамлекеттеринин мектептери үчүн китеп жазган авторлордун базасын түзүү, аларды окутуу;
  • Окуу китептерди экспертизадан өткөрүүчү эксперттердин базасын түзүү, аларды окутуп сертификациялоо;
  • Окуучуларды сапаттуу, катасыз, жаңы муундагы окуу китептери менен камсыздоо;
  • Жаңы муундагы окуу китептерине коюлуучу талаптарды иштеп чыгуу;
  • Санариптештерүүнүн алкагында “Электрондук окуу” китептерин даярдоону колго алуу, экспертизадан өткөрүү;
  • Басма үйлөрү, авторлор тарабынан даярдалган окуу китептерин экспертизанын 4 түрүнөн өткөрүү:
  • Илимий экспертиза;
  • Илимий-педагогикалык экспертиза;
  • Антидискриминациялык жана гендердик экспертиза;
  • Педагогикалык-практикалык (апробация) экспертиза.
Министр Алмаз Бейшеналиев мурда окуу китептери 1 гана экспертизадан өткөрүлүп келгенин, азыр болсо сапатты камсыздоо үчүн 4 экспертизадан өткөрүлүп жатканын белгиледи. “Мындан ары Кыргыз билим берүү академиясы окуу китептерин экспертизадан өткөрбөйт. Аталган академия окуу-усулдук колдонмолорду гана экспертизадан өткөрөт”, - деп кошумчалады министр.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: