super.kg logo

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында жылдын мыкты кызматкерлери тандалды

 

Бүгүн, 19-январда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында жылдын мыкты кызматкерлери тандалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгынын көрсөткүчтөрү боюнча өткөрүлгөн "Кесиби боюнча мыкты" сынагынын жыйынтыгынын негизинде кызматкерлер тандалып, наамдарга ээ болушту.

"2020-жылы ички иштер органдарынын жана ЖКККББнын аброюн көтөрүүгө зор салымын кошуп, элибиздин коопсуздугу үчүн ак кызматын татыктуу аркалай алган алдыӊкы кызматкерлер" 2020-жылдын мыктысы" наамына татышты.

Өзүнүн кызматтык милдетине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы, коомдук жана жол кыймылынын коопсуздугун сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө зор салым кошкондугу үчүн кызматкерлер көпчүлүктүн арасынан суурулуп чыгып "Мыкты кызматкер" наамына татыктуу болушту", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: