super.kg logo

Вице-премьер Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын иши менен таанышты

 

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын иши менен таанышты.

Таанышуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр билдиргендей, террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы туруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишти өркүндөтүү зарыл.

Ал белгилегендей, укук коргоо органдары менен өз ара аракеттешүү жана ишти координациялоо деңгээлин жогорулатуу зарыл, алар Финансылык чалгындоо органдары тарабынан жөнөтүлгөн материалдарды жетишсиз деңгээлде пайдаланууда.

Вице-премьер-министр бир жумалык мөөнөттө террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга каршы туруу жаатындагы ишти жакшыртуу боюнча сунуштарды берүүнү тапшырды, мында өлкө экономикасын колдоого жана кызматтын ишине жаңы маалыматтык технологияларды киргизүүгө негизги басым жасоо зарыл.

"Финансылык мониторингдин жаңы механизмдерин ишке киргизүү жана ведомство ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну эске алуу менен, жаңы баскычка өтүү зарыл. Өкмөт кызматтын мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого колдон келген көмөгүн көрсөтүүгө даяр", - деди Максат Мамытканов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: