Кант диабети менен ооругандар жылына бир жолу гликатталган гемоглобин тестин акысыз тапшыра алышат
Кант диабети менен ооругандар жылына бир жолу гликатталган гемоглобин тестин акысыз тапшыра алышат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул 1-январдан тартып күчүнө кирген. Бейтаптар катталган жериндеги бейтапканаларга текшериле алышат. Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна бекитилген Кыргыз жарандары үй-бүлөлүк дарыгердин жолдомосу менен медициналык кызматтардын негизги пакети акысыз көрсөтүлөт. Бардык суроолор боюнча аталган фонддун 133 номуруна ишемби жана жекшемби күндөрүнөн тышкары саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылсаңыз болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.