Жетекчилик кызматы талашка түшкөн окуу жай. Элдик күүлөрдүн чебери Ниязаалы Борошевдин өмүр баяны
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова өткөн аптада Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына директор болуп дайындалганы кабарланган.
Жетекчилик кызматы талашка түшкөн окуу жайдын атын алып жүргөн Ниязаалы Борошов ырчы, комузчу, айтым күүлөрдүн устаты, элдик күүлөрдүн чебери катары таанымал.
Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайы 1930-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Окуу жай учурда 200дөн ашык студентке, 10дон ашуун ийрим боюнча билим берилет.
SUPER.KG порталы Ниязаалы Борошевдин өмүр баянына токтолот.
Ниязаалы Борошев 1856-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Ак-Жол айылында туулган. Ниязаалы залкар комузчу жана аткаруучу. Анын башкалардан өзгөчөлүгү, комузда кол ойнотуп, күү арасында ыр кошуп, куудулданып аткарган. Андыктан ал, айтым күүлөрдүн негиз салуучусу болуп эсептелет.
15 жашынан комуз черткенди үйрөнүп, ошондо эле татаал күүлөрдү черте баштаган. Анын ичинде "Кет Бука", "Тайчыдан тайчы" ж.б. Бара-бара ал чебер устат болуп, өз мезгилинин кесипкөй комузчуларынын чөйрөсүнө кошулган. Алар оозеки көркөм чыгармачылыктын ар кандай жанрларында багыт алып калган таланттуу инсандар Жеңижок, Жаңыбай, Айдараалы ж.б. болгон. Ниязаалы Борошов Токтогул Сатылганов сыяктуу шакирттерди тарбиялаган, ар кандай салтанаттарда ак таңдай төкмө акындар Жеңижок, Эсенаман, Нурмолдо, Сары ырчы, Эшмамбет сыяктуу залкар шайырлардан таалим алган.
Ниязаалы эл арасында жүргөндө эки сөзүнүн бири:
"Күүнүн жайын көкүрөгү бар адам түшүнөт",- деп макалдаштырып сүйлөгөн.
Күүлөрү: "Арсар күү", "Мырза кербез", "Ниязаалынын камбаркан", "Кер толгоо", "Кара өзгөй" ж.б.
кошулду



1 |