super.kg logo

Коронавируска каршы алгачкы вакцинаны түзгөн адам Бишкекте төрөлгөнбү?

 

Коронавирус илдетине каршы иштелип чыккан Спутник V вакцинасын түзгөн Денис Логунов Кыргыз өлкөсүндө туулган. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Логунов 1978-жылы мурдагы Фрунзе, азыркы Бишкек шаарында туулган.

"Спутник V вакцинасы Курск мамлекеттик Медициналык университетинин бүтүрүүчүсү Денис Логуновдун жетекчилиги астында түзүлгөнүн көпчүлүк билбейт. Ал 2000-жылы Биомедициналык инженерия кафедрасын аяктаган", - деп жазылат маалыматта.

Интернеттеги ачык маалыматтарга таянсак, Логунов 2019-жылы Орусия федерациясынын президентинин жарлыгынын негизинде "Мекенге көрсөткөн кызматы үчүн" 2-даражадагы орден менен сыйланган. 140тан ашуун илимий эмгектердин автору.

2002-жылы кандидаттык диссертациясын жактаса, 2011-жылы "медицина илимдеринин доктору" наамын алган. Ал эми 2016-жылы Орусия илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттигине кабыл алынган.

Анын жетекчилиги астында түзүлгөн Спутник V вакцинасы расмий каттоого алынган коронавируска каршы дүйнөдөгү алгачкы вакцина болду. Спутник V Бириккен Араб Эмирлиги, Беларусь, Венесуэла жана Индия өлкөлөрүндө клиникалык изилдөөдөн өтүп, 10 мамлекетте расмий каттоого алынган. Учурда Орусия, Беларусь, Аргентина жана Сербия өлкөлөрүндө эмдөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Дагы бир кызыктуу жагдай, Денис Логунов 1978-жылдын 13-октябрында туулган. 1978-жылдын календарын карасак, 13-октябрь жума күнүнө туш келет. Айрым нумерологдор айдын 13ү жума күнгө туш келсе, ал күнү ар кандай кырсыктар орун алып, оор күн болушу мүмкүн деген пикирлерин айтып келишет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
20.01.2021. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сураштырып тууган чыгып калдыкпы.
20.01.2021. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чёрная пятница, болбогон эле маалымат
20.01.2021. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биз кыргыздар териштирип, сүрүштүргөнгө эле кыйынбызда)
20.01.2021. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу менен сыймыктанатурганбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: