super.kg logo

Финпол Балыкчыдагы видеобайкоо долбоорунда 3 миллион сомдон ашык акча мыйзамсыз пайдалангандыгын аныктады

 

Финансы полициясы “Балыкчы шаарына видео байкоону орнотуу” долбоорун ишке ашырууда жумуштун көлөмүнүн наркын жогорулатуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматы маалымат таратты.

"Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясы менен “Н.С” ЖЧКсынын ортосунда 2018-жылы аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 10 миллион сомго жакын суммадагы келишим түзүлгөндүгү аныкталды. Берилген маалыматтарга ылайык, бул объект боюнча аппараттык-программалык комплекстер 7 миллион сомго жакын суммага сатылып алынган, бирок аткарылган жумуштардын актысында аталган аппараттык комплекстер 2 миллион сомго көтөрүлгөн айырма менен эсептен чыгарылган", - деп жазылат билдирүүдө.

Жыйынтыгында, аталган ЖЧКнын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттин бюджетине 3 миллион сомго жакын суммада өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Учурда, кызмат адамдарынын катыштыгы аныкталып, келтирилген зыяндын ордун толтуруу чаралары көрүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: