Линиясын бир жолу бузган айдоочу лицензиясынан ажыратылбайт
Маршруттук таксилер линияга бир жолу келбей калгандыгы үчүн айдоочуларды лицензиясынан ажыратуу чараларын колдонуу туура эмес. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Ошол эле учурда, Автотранспорт агенттигинин Бишкек шаардык башкармалыгы ушул жылдын 18-19-январына пландаштырылган кичи автобустардын чыгымдарын камсыздоо үчүн шаардык каттамдардын ишин текшерүүдө. Мыйзам бузуулар боюнча актылар түзүлүп, "Восточный экспресс" ЖЧКсына, "Дордой-Транс" ЖЧКсына, "Узар-Вест" ЖЧКсына көрсөтмөлөр жөнөтүлгөн.
Башка шаардык каттамдарда да айдоочулук курам менен текшерүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Кайталап мыйзам бузуу фактысы боюнча мыйзамдын талаптарына ылайык, катаал чаралар (айып пул салуу, лицензиянын колдонулушун токтото туруу) көрүлө тургандыгы жазылат маалыматта.
"Учурдагы мыйзамдарга ылайык, жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелеринин талаптары бузулган учурда, шаардык айдоочуларга мыйзам бузууларды четтетүү боюнча көрсөтмөлөр жөнөтүлөт. Айдоочулар каттам учурунда чыгуу линияларын бузуу учурлары катталса 134-беренеге ылайык, айдоочу 5 миң 500 сомдон, ал эми аларды көзөмөлгө албагандыгы үчүн жеке фирмалардын жетекчилерине 17 миң сомдон айып пул салынат.
Лицензиялоо мыйзамдарынын алкагында, бир жолу лицензиялык талаптарды бузгандыгы үчүн эскертүү берилет. Экинчи жолу бузгандыгы үчүн айып пул салынат. Үчүнчү ирет бузгандыгы үчүн айдоочунун лицензиясын колдонууну үч айга чейин токтото туруу чаралары көрүлөт", - деп түшүндүрдү Транспорт көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Кеңеш Дөөлөтбеков.

