Орусия Кыргыз өлкөсүнө коронавирус менен күрөшүүгө гуманитардык жардам көрсөттү
Орусия Федерациясы Кыргыз Республикасына COVID-19 пандемиясы менен күрөшүү үчүн кезектеги гуманитардык жардамын көрсөттү. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын 15-январында Орусия Федерациясынын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамзаттын бакубат чөйрөсүнө көзөмөл боюнча федералдык кызматы (Роспотребнадзор) тарабынан COVID-19 коронавирус инфекциясын лабораториялык диагностикалоого 20 000 изилдөө жүргүзүү реагенти алынган.
"Ошол эле күнү гуманитардык жүк Кыргыз өлкөсүнө жиберилген. Аталган гуманитардык жардамды кабыл алуучу болуп Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаменти эсептелет", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.