super.kg logo

Курсан Асановдун арызы боюнча Ош шаарындагы 3 шайлоо тилкесинде добуштар кайра саналат

 

Бүгүн, 20-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйыны өтүүдө. Жыйынга БШКнын 11 мүчөсү катышып жатат.

Күн тартибиндеги биринчи маселе катары Ош шаарынын №5319, №5320, №5559 шайлоо тилкелеринде шайлоочулардын добуштарын кайра эсептөөнү жүргүзүү жөнүндө каралды.

Буга чейин БШКнын укуктук-камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Адилет Шаршеналы уулу президенттикке талапкер Курсан Асановдун арызы боюнча БШК мүчөлөрүнө 3 шайлоо тилкеси боюнча добуштарды кайра саноону БШКнын жумушчу тобу сунуштап жатканын маалымдаган.

Жыйында добуш берүү жашыруун өтүүсү керек. "Эгер кайра саноодо талапкер айткан добуштар аныкталбай калса, ким жоопкерчилигин тартат?",- деген суроо коюлду.

Буга карата Абдыжапар Бекматов: "Биринчиден бул маселе боюнча биздин системдин тактыгын, аныктыгын көрсөтүү керек. Арыз берүүчүнүн жоопкерчилиги ал экинчи маселе. Алар өзү добуштардын жашыруундугу боюнча мыйзамды бузуп жатат. Бирок бул кийинки маселе", - деди.

БШКнын мүчөсү Акылбек Сариев: "Биз азыр добуштарды саноого жол берсек, башкалар дагы ушундай арыздар менен кайрылышы мүмкүн",- деген пикирин билдирди.

Ал эми БШКнын башка мүчөсү Гүлнара Журабаева: "Биз тескерисинче кайра добуш саноо боюнча сунушту кабыл алсак, систем туура иштеп жатканын жана добуштарды саноодо махинациялар жасалбай турганын көрсөтө алабыз", - деген оюн айтты.

Ошентип Курсан Асановдун арызы боюнча БШКнын жумушчу тобунун сунушталган чечиминин долбоору добушка коюлуп, анда БШКнын 11 мүчөсү макул, 1 мүчөсү каршы деген добушун берди.

Жыйынтыгында Ош шаарындагы №5319, №5320, №5559 шайлоо тилкелери боюнча добуштарды кайра саноо чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.01.2021. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кайра кайра санай бергилечи.Лигитимсиз президент деп жаткылары келип жатат.Кайра шайлоо уюштурса кайра эле эл Садырды колдойт.Убакытты,боодо акча кетирип жатканынарды озунор да тушунуп турасынар.Женилгенди жел которот дейт эле.Процентерине сразу 50% кошулуп кала тургандай сезишип жатабы же.Жок легитимсиз деп жарыяланышыны кутуп жатышат.Эл колдобой оздору осол болуп жатышат
21.01.2021. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балким акчанын эсебин чыгарып жаткандырда мени паланча адам шайлаш кк деп 30000 топтогон добушунан 30у да шайлабаса эмне мынча кадырын жерге чабат,эл озунун президентин шайлап болду,короткон убактынарга ыраазы болгула шайлоодон уттургандар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: