super.kg logo

Бишкек мэриясы шаар тургундарынан таштандыларды өз убагында чыгаруусун өтүнөт

 

Бишкек шаардык мэриясы шаар тургундарынан таштандыларды өз убагында чыгаруусун өтүнгөн билдирүү таратты.

"Күн сайын таң эртеден тартып, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кургак тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн чыгышып, түшкө чейин каттам боюнча таштандыларды чогултушат. Тилекке каршы, айрым компаниялар, дүкөндөр, кафелер таштандыны убагында чыгарбай, атайын техника өтүп кеткенден кийин чыгарышат. Таштандыларды өз убагында алып кетүү үчүн биз чарба субъектилеринен таштандыны саат 8:00гө чейин чыгарууну суранабыз. 20-январга карата 653 көчө шыпыргыч, 118 жүктөгүч жана жүздөн ашык кишиден турган таштанды чыгаруучу бригада штаттык режимде иштеп жатат", - дешти мекмемеден.

Шаардын тазалыгы үчүн күрөшүү үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Калаанын көчөлөрүн, таштанды, кар жана муздан тазалоо боюнча арыздарды мэриянын колл-борборуна 1840 жана 1850 кыска номерлери аркылуу калтырсаңыздар болот.

Ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун 0554 182 185 номери кабыл алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: