super.kg logo

Кара-Көлдө келин операция жолу менен төрөп, андан кийин каза болгон. Күйөөсү милицияга арыз жазды

 

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында келин операция жолу менен төрөп, андан кийин каза болгон. Бул боюнча милицияга арыз менен келиндин күйөөсү кайрылган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1978-жылы туулган келин 2020-жылдын 11-ноябрында Кара-Көл шаарынын ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн даарыгерлери тарабынан операция жолу менен төрөгөн.

"Арызда, келиндин жакындарды төрөттөн кийин дарыгерлер аны туура эмес дарылап жана туура эмес кан куюп, жумушуна шалаакылык мамиле жасагандан соң, келин Бишкек шаарындагы Улуттук хирургия бөлүмүндө каза болуп калгандыгын жазышкан. Ошол себептен Кара-Көл шаардык ооруканасынын төрөт үйүнүн дарыгерлерине карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү сурап кайрылган. Бул факты боюнча материал "медицина кызматкери тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу" беренеси менен катталып сотко чейин өндүрүш иши ачылган. Аталган иш боюнча Кара-Көл шаардык оорукананын тийиштүү кызматкерлери суралган жана тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө амалдары улантылууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
20.01.2021. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Блин мындай врачтарды атып салыш керек өзү.
20.01.2021. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акча менен же ата данкы менен окуган "билимдуулор" иштеп,врачтардын кадырын тушуруп жатышат.Башы бош билимдуулорду акча менен ишке албай эле койгулачы.Ансыз деле омур кыска,кадырына жете элек кош айтышпайлы,кээ бир адамгерчиликсиздердин артынан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: